Бензин 4-5 сомго кымбаттайбы? (видео)

1922

Бензиндин баасы алдынкы күндөрү 4-5 сомго чейин жогорулашы күтүлүүдө. Нефтетрейдерлер ассоциациясы муну коңшу өлкөлөрдөгү мунайдын наркы көтөрүлүшү менен түшүндүрүүдө.

Ал арада эле Жогорку Кеңештин депутаттары айрым жолдорду акы төлөнүүчү кылып, андан сырткары күйүүчү майлоочу каражаттардын акциздик салыгын дагы жогорулатууну сунуштоодо. Эл өкүлдөрү мындай ыкма менен өлкөдөгү жолдорду оңдоп түзөсө болот дешет. Бирок бул сунуш айдоочулардын нааразычылыгын жаратууда.