Бензин 6 сомго кымбаттайт. Өкмөт кандай чара көрөт? (видео)

2421

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май дагы 6 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу нефтетрейдерлер ассоциациясынын президентти Канат Эшатов билдирди. Айтымында, буга доллардын наркы кескин өскөнү таасирин тийгизип жатат. Себеби күйүүчү май биржалык товар болгондуктан, анын наркы эл аралык рынокто доллар менен бааланат.

Ал арада, учурда өлкө базарларында элге биринчи кезекте керектүү болго азык-түлүктүн баалары да көтөрүлө баштады. 2-3 күн аралыгында эле товарларга 10 сомго чейин кошулган. Министрлер кабинети болсо, учурда бааларды туруктуу кармоо үчүн антикризистик план иштеп чыгууга киришти.