Бензиндин баасы 2 сомго кымбаттайт (видео)

1216

Кыргызстанда бензиндин баасы дагы 2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Анткени ушул айдан тарта жергиликтүү нефтетрейдерлер күйүүчү майды Россиядан пошлина менен ала башташат. Тактап айтканда, буюртма берип жатканда ар бир тоннасына 19 доллар болгон экспорттук бажы алымы төлөнүшү шарт.

Өкмөттөр аралык сүйлөшүүнүн негизинде 5 жылдан бери Россия тарап пошлинасыз берип жаткан күйүүчү майдын көлөмү өзгөрбөй келген. Бирок бул жеңилдетүүнүн мөөнөтү август айында бүткөн. Мындан улам, Россиянын Энергетика министрлигине кат жолдонуп, алар көлөмдү көбөйтүү боюнча өтүнүчтү четке кагышкан.