Бензовоздордун айынан 26 адам набыт болду (видео)

767

Акыркы 2 жылда мунай заттарын ташыган унаалардын кесепетинен экологияга 1 миллион сомго барабар зыян келтирилди. Бул туурасында экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти. Ушул эле жылы бензин ташыган унаалардын катышуусунда 9 жыл кырсыгы катталып, алардын натыйжасында 40 тоннага жакын күйүүчү май сууга төгүлгөн. Жыл башында дарыяга аккан күйүүчү майдан улам 3 тоннадан ашык форель балыгы кырылган. Мунун кесепетинен, жеке балык чарбасына 1,5 миллион сом зыян келтирилгени айтылууда. Бишкек-Ош жолунда автоцистерналардын катышуусундагы жол кырсыктары жыл санап көбөйүүдө. Буга жол эрежелерин сактабаган айдоочулар күнөөлүү, дейт жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү.