Бердибек Боркоев соттун чечими менен эки айга камакка алынды

705

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурунку орун басары Бердибек Боркоев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Эске салсак, январдын сонунда Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча УКМК кылмыш ишин козгогон. Анын жүрүшүндө Бишкек ТЭЦине кышка даярданууга бөлүнгөн каражат дарегине жетпей калганы аныкталган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчилери жалган фирмалар менен жасалма келишим түзүп, алардын эсептерине акча которуп турушкан. Ал эми ТЭЦтеги оңдоп-түзөө иштери ошол жакта иштегендер тарабынан эле жасалган. Жакынкы күндөрү бул кылмыштуу схема боюнча дагы бир катар аткаминерлер кармала турганы айтылууда.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур иштен чыгып, шаар тургундарынын көпчүлүгү кыштын ызгаарында жылуулуксуз калышты. Жылуулук берүү 4 күндөн кийин гана калыбына келтирилген.