Беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

1064

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, 16-декабрда кечке жуук катталган авариянын себеби териштириле баштады.

16-декабрда саат 16.00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда, Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында «Фольксваген Пассат» менен «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышып, анын бири өрттөнүп кеткен.

«Тойота Ипсум» машинесинде 7 киши, ал эми экинчи автоунаада айдоочу жалгыз болгону айтылууда. Каза болгон 4 адам жети кишилик машиненин жүргүнчүлөрү, калган үчөө ооруканада.

«Фольксваген Пассаттын» айдоочусу машине менен кошо өрттөнүп кеткен. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында 2018-жылдын башынан бери 500дөн ашуун жол кырсыгы катталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.