Беш-Күңгөйдө жубайларга ок чыгарып, акчасын тоноп кеткендер аныкталды

676

Беш-Күңгөй айылында жубайларга ок чыгарып, 310 миң долларын тоноп кеткендер аныкталды. Ички иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, шектүүлөр Чүй областынын Москва районунун тургундары. Учурда аларды колго түшүрүү аракеттери жүрүп жатат.

Эске салсак, каракчылык 6-мартка караган түнү Чүй областындагы Беш-Күңгөй айылында болгон. Анда белгисиз бирөөлөр 53 жаштагы эркек менен 57 жаштагы аял кетип бараткан «Тойота Харриер» үлгүсүндөгү унаага ок атып, айдоочу жолдон чыгып, дубалды сүзгөн. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Кылмышкерлер болсо «Субару Форестер» унаасы менен жүрүшкөн.

Кийинчерээк кылмышкерлер айдап жүргөн унаа Октябрь районунун аймактык инспекторуна таандык экени аныкталган. Каракчылык фактысы кылмыштар жана жоруктар боюнча Бирдиктүү реестрге катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.