Беш-Тал: Элеттиктердин санап бүткүс маселелери (видео)

954

Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Беш-Тал участогунун тургундарынын маселеси көп жылдардан бери чечилбей келет. Учурда бул аймакта социалдык көйгөйлөр курч турат. Жүздөн ашык түтүн жашаган бул айылда таза суу жок, электр мамычалары колго жасалгандыктан кооптуу абалда. Көйгөй ушуну менен эле токтоп калбайт. Айылда мектеп, медициналык жай салына элек. Балдар 5 чакырым алыстыкта жайгашкан билим берүү жайына жөө барып окушат. Анткени конушка коомдук транспорт каттабайт.