Бишкекте окуучулар кандай шартта билим алууда? (видео)

935

Бишкек шаарындагы мектептерде окуучулардын саны нормадан эки эсе көп. Бул тууралуу баш калаанын билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Жыл сайын борбор шаарда мектеп босогосун аттагандардын саны 10 миңге көбөйөт.

Мындан тышкары, жалпы өлкө боюнча дагы мектептер жетишсиз болуп, кээ бир жерлерде окуучулар бир партага 3төн отуруп, билим алууга аргасыз. Быйыл Бишкекте жаңы курулган эки мектеп — бул көп жылдык көйгөйдү чечпейт.

Ордо калаага бери дегенде дагы 16 билим берүү мекемеси зарыл, дешет адистер. Ал эми өлкө боюнча 600 жаңы мектеп куруу керек.