Беткапсыз жүргөндөр 1-5 миң сом айыппул төлөйт (видео)

669

Короновирустун алдын алуу максатында тиешелүү талаптар катаалдашты. Ага ылайык, коомдук жайда беткапсыз жүргөн адамга 1 миң сом, мындайга жол берген юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат. Мындан тышкары, күндүз көчөгө чыгуу эрежесин бузган адамга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып каралган. Коомдук тартип боюнча милдетин өтөп жаткан милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген тараптарга да айыппул каралган.

Ошондой эле, Бишкекте жарандардын жана унаалардын жүрүүсүнө кошумча чектөөлөр киргизилди. Ага ылайык, үч адамдан көп топтолууга тыюу салынат. Күнүмдүк тиричиликти камсыз кылуучу ишканалардан тышкары башка мекеме-ишканалардын баарынын иши убактылуу токтотулат. Комендатура уруксат берген мекемелердин кызматкерлерине үйүнөн жана жумушунан тышкары жакка барууга болбойт. Жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салынат.