Биатлон боюнча Украина курамасы Дүйнө кубогуна бойкот жарыялады

866

Биатлон боюнча Украина курамасы Тюменде өтө турган Дүйнө кубогунун орус этабына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Украинанын жаштар жана спорт министри Игорь Жданов билдирди.

Ждановдун айтымында, спорт маселелерине мамлекет өзгөчө учурларда гана кийлигише алат. Министр биатлонисттер ырааттуу түрдө эл аралык мыйзамдарды бузган жана спортто кызытма талаптарын сактабаган агрессор-өлкөдө жарышка катыша албайт деп эсептейт.

Буга чейин АКШ, Чехия жана Канада курамалары дагы Дүйнө кубогунун орус этабына катышуудан баш тартышкан. Алар Орусиянын антидопинг системасына ишенбөөчүлүк билдиришкен.