Бий өнөрү менен спортту айкалыштырган улан-кыздар (видео)

1055

Бишкекте спорттук бал бийлери боюнча эл аралык турнир өттү. Ага Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 600гө жакын спортчу катышышты.

Бул бий майрамынын алкагында Аргентина, Австрия, Америка, Латын Америка, Бразилия, Куба элдеринин вальс, фокстрот, квикстеп, танго, самба, румба, ча-ча-ча, джайв бийлери аткарылды. Сынактын жеңүүчүлөрү алтын, күмүш, коло медалдар менен сыйланып, өзгөчө чеберчилигин көрсөткөндөргө кубоктор тапшырылды.