Бийлик кайсы партияны даярдап жатат? (видео)

1177

Жыл жаңыргандан бери саясий айдыңда парламенттик шайлоонун илеби сезиле баштады. Саясий күчтөр активдешип, элге жагуу үчүн курч маселелерди көтөрүп, калкты, мамлекетти ойлогондой түр көрсөтүп, кабакты бүркөп жалындуу сөздөрдү айтып жатышат. Акчанын күчүнө ишенгендер капчыгын калыңдап, негизги оюнчуларга ат тезегин кургатпай каттап, чай ичишкендер башталды. Быйыл күздө парламенттик шайлоо өткөнү турат. Бул саясий өнөктүк өлкөнүн башкы окуясы. Азыр бийликтин даамын татып калгандар жана бийликке жетүүнү эңсегендер кандай жол менен барсам депутаттык мандатка илинем деп баштары катып турган чагы.

Партиялардын көбүнө өз алдынча баруу опурталдуу болуп турат. Анткени тогуз пайыздык босого дымактуу партиялардын баарын четте калтырчудай. Азырынча саясий күчтөрдүн конфигурациясы тууралуу сөз кылуу эрте. Шайлоого тогуз ай эле калганы менен бийлик ыктаган партиянын аты дагы ачыктала элек. Негизги оюнчулар кайсы саясий уюмдун тегерегинде биригиши тар чөйрөдө айтылганы менен, расмий ырастала элек. Алдыдагы парламенттик шайлоо жана аны утурлай өлкөдө кандай саясий окуялар болушу мүмкүн?