Бийликти басып алууга чакырды деген шек менен 5 киши камакка алынды

8944

Ички иштер министрлиги Бишкекте бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган деген шек менен 26 адам кармалып, алардын бешөө камакка алынганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «30-сентябрда коомдук тартипти туруксуздаштырууну көздөп, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео Интернет булактарында тараган. Факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнин Тергөө кызматы сотко чейинки териштирүү баштаган.

Улуттук академиянын адистери соттук-саясий экспертиза жүргүзүп, видеодо сүйлөгөн адамдын сөзүндө аймак аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык белгиси бар деген жыйынтык чыгарышкан. Милиция билдиргендей, сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 30-сентябрда «Кырк Уруу Жети Дубан» кыймылынын 26 мүчөсү кармалган. Алар наркологиялык текшерүүдөн өтүп, 20сы баңгизат колдонгону аныкталган. Бешөө шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалгандардын арасында баңгизатты сактоо, зордуктоо, аткезчилик, тоноо, ээнбаштык менен бир нече жолу соттолгондор да бар. Учурда экспертизалар дайындалып, кыймылдын башка мүчөлөрүнө карата тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.