Бийликтин күчүн пайдаланып жаткан жетекчилер жазаланган жок! (видео)

967

Дүйшөмбү күнү НТСтин жаңылыктарында «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын жетекчилиги жумуш учурунда чогулуш өткөрүп, анда шайлоо тууралуу сөз болгонун айтып бергенбиз. Мамлекеттик ишкананын башчысы Алмазбек Ногойбаев бийликтеги партиянын мүчөсү экенин жашырбай, кол алдында иштегендерден колдоо сураганын жашырган эмес. КСДПнын талапкери үчүн үгүттөгөн жокмун, болгону колдоп койгула, деп сурандым, дейт Алмазбек Бердибекович. Сураныч, сунуш же кеңеш ирээтинде айтылабы — мунун бардыгы үгүт болуп эсептелет, дешет юристтер. Эми болсо, «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын кесиптик кошууну, бул материал үчүн НТСти сотко бергени жатыптыр. Чогулушту мамлекеттик ишкананын жетекчилиги эмес, биз өткөргөнбүз, бардык талапкерлер жөнүндө маалымат берилген, дейт темир жол профсоюзунун төрагасы Эрнис Докенов.