69,85
75,53
1,08
0,18
Бишкек -1°C

Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова иштен кетти

314

Кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган аткаминерлердин катары коюлууда. Бул жолу Бишкектин билим берүү башкармалыгын 6 жылдан бери жетектеп келе жаткан Сауле Мейрманова иштен кетти. Ал 3 күн мурда арыз жазганы белгилүү болду. Бүгүн буга мэр Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Сауле Мейрманова чарчаганын айтып, кызматтан бошотууну өтүнгөнүн билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта Бишкектин билим берүү башкармалыгын жетекчинин орун басары Наталья Никифорова башкарып турат. Ал эми жаңы жетекчи конкурстун негизинде тандалмакчы.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.