Билим берүү мекемелериндеги өрт коопсуздугунун деңгээли текшерилет

984

Өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелериндеги өрт коопсуздугунун деңгээли текшерилет. Билим берүү жана илим министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте атайын буйрук иштеп чыкты.

Ага ылайык, областык, район-шаардык билим берүү башкармалыктарына бардык жогорку жана орто окуу жайлары, мектеп, интернат, бала бакчалардын жетекчилерине өрт коопсуздук эрежелери боюнча талаптардын аткарылып жатканын карап чыгуу тапшырмасы берилди. Буйруктун аткарылышы тууралуу алар квартал сайын Билим берүү жана илим министрлигине отчет жөнөтүүгө милдеттендирилди.

Ошондой эле, окуучулар, студенттер жана балдардын өмүрү, саламаттыгы үчүн билим берүү мекемелеринин биринчи жетекчилери жооптуу экени айтылды.