Билим берүү министри мугалим канча айлык алаарын билбейт! (видео)

845

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мугалимдердин чыныгы айлык маянасы канча экенин билбейби? Ал жетекчи «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда педагогдордун орточо айлыгы 12 800 сомду түзөөрүн билдирди. Бирок депутаттар бул чындыкка дал келбей турганын министр айым статистикалык маалыматка гана таянып айтып жатканы үчүн сындашты.

Иш жүзүндө мугалимдердин орточо айлык маянасы болгон 5-6 миң сом, дешет эл өкүлдөрү. Негизи эле жаңы окуу жылынын башталышы билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү курчуусу менен коштолду. Мындан улам, «Республика-Ата Журт» фракциясынын  жыйыны толугу менен билим берүү системасындагы көйгөйлөргө арналып, маселе тиешелүү жетекчилердин катышуусунда талкууланды.