Билим берүү министрлиги «Маариф» фонду боюнча түшүндүрмө берди

818

«Маариф» кору менен Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кол койгон меморандумга ылайык, түркиялык фонд өлкөдө билим берүү борборлорун ачат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эки тараптын кызматташуусу үчүн жумушчу топ түзүлүп, “Маариф” фондунун иш жүргүзүүсү боюнча өкмөт аралык долбоор даярдалат. “Маариф” кору тарабынан ачылган мектеп, билим борборлору Кыргызстандын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык иш алып барат.

1-сентябрда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы мамлекеттик сапары учурунда эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин жыйынтыгы менен 12 документке кол коюлду. Анын ичинде “Маариф” кору менен кызматташтык тууралуу меморандум документ да бар.

Буга чейин расмий Анкара “Сапат” болуп өзгөргөн мурдагы “Себат” мектептерин жаап, анын мүлктөрүн толугу менен Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүүнү талап кылган. Анткени буга чейин түрк бийлиги Түндүк Африкада «Себат» билим берүү мекемелерин жаптырууга жетишип, алардын ордуна “Маариф” корунун окуу жайлары ачылган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков “Сапат” мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин билдирген.