Билим берүү министрлиги: Окуучуларды үйүндө окуткан мугалимге ноутбек берилет

2231

Баткенде мектеп окуучуларын үйүндө окуткан мугалим ноутбек менен камсыз болот. Мындай убаданы Билим берүү жана илим министрлиги берүүдө. Белгилей кетсек, социалдык тармактарда аралыктан окута албаган педагог балдар-кыздарды үйүнө чакырып, сабак өтүп жатат деген жазуу менен сүрөт тараган. Анда 17 окуучу мектеп формасын кийип, партанын ордуна төшөккө отуруп алып билим алып жатышканын көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, ал 2-сентябрда Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылында Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими тарабынан тартылган. Билим берүү министрлигинин түшүндүрмөсү боюнча, онлайн окутуу боюнча ата-энелер тарабынан түшүнбөстүк жаралгандыктан, алар мугалимдин жардам берүүсүн өтүнүшкөн. Мындан улам педагог кайтарым байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берип, сабак 15 мүнөткө созулган деп министрликтен ишендиришүүдө.

Жаңы окуу жылы башталганы онлайн окутуу боюнча ата-энелер, окуучулар, ал тургай мугалимдер тарабынан да бир топ нараазычылыктар айтылып келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.