Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин көзүнө акысыз операция жасалат

858

Кыргызстандагы билим берүү тармагында иштеген 400 кызматкердин көзүнө акысыз операция жасалат. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Азисбек Эшмамбетов ушундай келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мугалимдердин катаракта жана башка көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлүп, операцияга муктаждар аныкталат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.