Билим берүүнүн мыктысы наамын алган эң жаш педагог (видео)

823

Ош шаарында география сабагынан мугалим болуп иштеген Бактыгүл Жапар кызына мындай сыйлыктын берилиши коомчулукта эки ача пикир жаратты. Ал тургай, аны Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун тууганы деп айтып чыккандар болду.

Бирок бул маалыматты эки тарап тең четке кагууда. Айрымдар 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар агартуучулар бул наамды ала албай жатса, 23 жаштагы мугалим кантип жетти деп таң калууда. Бирок жаш кадрды колдогондор да бар.