Биологиялык активдүү кошулмадан 7 жашар кыз ууланды (видео)

1249

Биологиялык активдүү кошулма ичкен 7 жашар кыздын тамагы күйүп, ашказаны жабыркады. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун дарыгери кабарлады. Ичеги-карыны жабыркаган кызды гастроскопиядан өткөргөндө, анын организминен биологиялык активдүү кошулмалар табылган. Бирок кыздын апасы аны өз алдынча күмөндүү препарат менен дарылаганын алгач жашырууга аракеттенген.

Кийинчерээк ал интернеттеги жарнамага ишенип, кызына 2 апта бою Тибет чайын бергенин мойнуна алган. Дарыгерлер ата-энелерди балдарга мындай кошулмаларды берүүдөн алыс болууга чакырат. Себеби биологиялык активдүү кошулмалар дары болуп эсептелбейт. 2017-жылдын августунан тартып, Кыргызстанда мындай препараттар дары-дармектердин тизмесинен чыгарылы тамак-аш азыктары катары эсептелип келет.