Биометрикалык аппарат талапкердин штабында жайгаштырылган (видео)

843

Биометрикалык маалыматтарды каттоочу аппараттардын талапкердин штабында жайгаштырылышы — административдик ресурсту колдонууга барабар. «Жарандык Платформа» коомдук фондунун өкүлдөрү ушундай билдирүү жасашты. Эске салсак, кечээ КСДПнын талапкеринин, Ош шаарынын Шейит-Төбө кварталында жайгашкан штабында биометрикалык маалыматтар чогултулуп жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, имарат жок болгондуктан, жабдуларды штабка жайгаштырып коюшканын айтышууда. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгы буга чейин бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирсе, эми баары мыйзамдуу болгон, деп жатат.