Биометрикалык маалыматты тапшыруунун тартиби өзгөрдүбү? (видео)

911

Биометрикалык каттоодон өткөн жарандарга муну тастыктаган дүмүрчөк берилбей жатат. Бул шайлоочулар арасында нааразычылыктарды жаратууда. Айрымдар Каттоо кызматынын бул кадамы шайлоого байланыштуу кандайдыр бир ыплас ыкма колдонуу аракети эмеспи, деп кооптонуп жатышат. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы болсо кооптонууга негиз жок, деп жооткотушууда. Биометрикалык каттоодон өткөндүгү туурасында маалымат кат бирдиктүү база ишке киргизилгендиктен улам берилбей калыптыр.