Биометрикалык паспорт 1-майдан баштап берилет (видео)

1909

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттор 1-майдан тарта бериле башташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди. Жетекчинин айтымында, өздүк документтин жаңы муундагы биометрикалык үлгүсүнүн 200 миңге жакын бланкы даяр.

Долбоорду ишке ашырууда техникалык жактан көмөк көрсөтүү үчүн чет элдик IT адистер да тартылыптыр. Ал арада коомчулукта «белгиленген мөөнөттө паспорттор бериле баштайбы» деген суроо курч турууда. Себеби буга чейин мындай убада 2 жолу берилип, бирок иш жүзүндө аткарылган эмес. Ал үчүн кечээ Мамкаттоонун жетекчиси сөгүш алса, орун басары кызматынын кол жууган.