Биометрикасы жок 800 миңдей жаран добуш бере албайт

975

800 миңдей кыргызстандык биометрикалык каттоодон өтө элек. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан «Акыйкат шайлоо үчүн» кыймылынын форумунда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.
Ал биометрикалык маалыматын тапшырбаган жарандар шайлоого да катыша албасын кошумчалады.

Догоев биометрикасы барлардын саны 3 млн 800 миңге жеткенин, анын ичинде 2 млн 914 миң 588 жаран шайлоо тизмесине киргенин маалымдады.

Шайлоочулардын тизмеси 21-сентябрда дагы бир ирет жаңыланат.