Бир айдын ичинде Улуттук банк үчүнчү жолу долларды сатыкка чыгарды

1517

Кечээ башкы финансылык мекеме 2 миллион 250 миң долларды интервенциялады. 24-октябрдан бери башкы банктагы АКШ валютасынын курсу 1 сом 30 тыйынга кымбаттап, ушу тапта 69 сом 74 тыйынды түздү. Акча алмаштыруучу жайларда 70 сомго чукулдап баратат.

Улуттук банк чет элдик валютаны буга чейин эки ирет сатыкка чыгарган. 8-ноябрда 19 миллион 450 миң доллар, эки күндөн кийин дагы 3 миллион доллар сатылган. Жалпысынан 14 күн ичинде 24 миллион доллар интервенцияланды.