Бир апта аралыгында өлкөдө 300дөн ашуун мас айдоочу кармалды

664

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, жалпысынан соңку бир жумада 21 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

2 миңден ашуун айдоочу автоунаасын атайын белгиленген ченемден жогорку ылдамдыкта айдаганы үчүн кармалып, 337 айдоочу мас абалында колго түшкөн. Калгандары дагы башка эрежелерди бузушкан.

Натыйжада бир жуманын ичинде миңден ашуун машина айып короосуна киргизилген.