Бир аялдын өлүмүнө себепкер болду деп шектелген милиционер камакка алынат

671

Милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тартип сакчысын камакка алуу боюнча чечим чыгып, ал жаткан оорукана кайтарууга алынды. Себеби алдын ала экспертизанын жыйынтыгы чыгып, кырсык болгон учурда милиция кызматкери мас экени аныкталган.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, 21-январь түнү Бишкектин Анкара менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде «Тайота» жана «Мерседес» үлгүсүндөгү эки унаа кагылышып, анын кесепетинен 33 жаштагы аял каза тапкан. Ал эми эки машиненин айдоочулары оор абалда ооруканага жеткирилген. Кырсык болгондон кийин, күбөлөрдүн айрымдары окуяны видеого тартып алууга үлгүрүшүп, анда “Мерседестин” айдоочусу милиция формасын кийген адам экенин көрүүгө болот. Жана да аны унаадан чыгарууга аракет кылгандар, милиционердин мас экенин айтып жатышат.

Учурда ал тартип сакчысынын аты-жөнү ачыктала элек. Бирок ал Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү экени белгилүү болду. Ал эми экинчи унаада жүргүнчү катары келе жатып каза тапкан адам — өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.