Бир аялдын өлүмүнө себепкер болду деп шектелген милиционер (видео)

565

Милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тартип сакчысын камакка алуу боюнча чечим чыкты. Себеби экспертизанын алгачкы жыйынтыгы боюнча кырсык болгон учурда милиция кызматкери мас экени аныкталган. Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан жетекчиси Сталбек Рахманов билдирүү таратты. Ага ылайык шектүү өзү учурда оор абалда болгондуктан, ал жаткан оорукана кайтарууга алынды.

Эске салсак, 21-январь түнү Бишкектин Анкара менен Чокан Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа кагылышып, анын кесепетинен бир адам каза тапкан. Кырсык болгондон кийин, күбөлөрдүн айрымдары окуяны видеого тартып, анда милиция формасын кийген адамды мас экенин айтып жатышат.