Бир бутунан ажыраган наристенин абалы оор (видео)

2908

Маршруттук унаа коюп кетип, оң бутунан ажыраган эки жаштагы наристенин өмүрүн сактап калууга дарыгерлер бардык аракеттерин жумшап жатышат. Эми ымыркайдын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн оор процедуралар күтүп турат. Бутуна сапаттуу протез орнотуу керек, дешет дарыгерлер. Учурда кайрымдуу адамдар кызга көмөк көрсөтүү үчүн каражат чогултушууда. Аварияда аялынан ажырап, жалгыз кызы майып болуп калган Жыргал Чотонов азыр материалдык колдоого муктаж.