Бир эле кытайлык ишкер жылына КРга 400 тонна салют сатат (видео)

785

Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарын Жаны жылда пиротехникалык каражаттарды аз колдонууга, мүмкүнчүлүк болсо такыр эле баш тартууга чакырат. Бирок калаа бийлиги өзү борбордук аянтта салют аттырууга даярданууда. Бул үчүн бюджеттен 300 миң сомдон ашык каражат каралган.

Бишкекте азыр аба аябай булганып жаткандыктан учурда социалдык тармактарда жаңы жылда фейерверк колдонбой, базарларда тыюу салуу керек деген чакырыктар башталды. Ошондой эле, дарыгерлер дагы салюттан кийинки түтүн ден-соолукка өтө зыян экенин эскертишет.