Бир катар шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуулар катталууда

780

Добуш берүү башталбай жатып, бир катар шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуулар катталууда. Мисалы, Ош областынын Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы айрым добуш берүү участкаларында видеого тартууга уруксат берилей жатат.

Мындай фактылар, Чоң-Алайдагы №5167 тилкесинде жана Өзгөндөгү №5053 добуш берүү участкасында катталды. Байкоочуларга видеого жана фотого тартууга мыйзам жол берет.

Буга тоскоолдук кылуу Шайлоолор жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 9-беренесинин 4-бөлүгүнүн пунктун бузуу болуп эсептелет.