Бир киши эки жыл ичинде алтын кендерине кантип 41 лицензия алган?

973

Бул боюнча схеманы башкы прокуратура жарыялады. 2016-жылдан 2018-жылга чейин 14 компанияга 41 уруксат документи берилген. Лицензия берилген кендердин жалпы аянты 400 миң гектарды түзөт. Анын баарына бир гана Жумаев аттуу адам ээлик кылып келет. Эң кызыгы бул кишинин тоо кен тармагына эч кандай тиешеси жок, өмүр бою ички иштер органдарында эмгектенген.

Жумаев 8 лицензияны күрөөгө коюп, банктан 630 миң доллар кредит алыптыр. Бир четинен алганда, буга Кыргызстанда мыйзам жол берет. Мындан улам кен казууга лицензия алып, бирок аны иштетпестен уруксат документин күрөөгө коюп, киреше таап жүргөн фактылар көп.

Коопсуздук кеңешинин отурумунда, кенге эн көп лицензия Дүйшөнбек Зилалиев геология комитетин жетектеп турган маалда берилгени айтылган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.