Чүй облусунун тургунун коркутуу менен документке кол койдургандар кармалды

804

Чүй областында бир кишини барымтага алып, карыз алдым деген документке кол коюуга мажбурлаган эки адам кармалды. 7-декабрь күнү милицияга 32 жаштагы жаран кайрылып, аны чала тааныш эки киши талаага алып барып ур токмокко алып, коркутуу менен бир нече документтерге кол койдурганын айтып арызданат. Ал 700 миң сом карызмын деген тил катка мажбурлоо менен кол коюптур.

Бул факты боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары эки киши кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.