Бир күндө эки тергөөчү пара алып жаткан жеринен колго түштү (видео)

1450

Бир күндө 2 милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Ош шаардык милициясынын кенже лейтенанты козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип беребиз деп убада кылып, Ош шаарынын тургунунан 20 миң сом пара талап кылган. Бул акчаны алуу үчүн опузалап, коркутуп-үркүткөнү дагы айтылган. Акыры кылмышка шектүү милиция кызматкери көчөдө ортомчу аркылуу акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Ушундай эле арыз Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнүн үстүнөн түшкөн. Ал 4 миң доллар пара талап кылып жатканы айтылган. Бул фактылар милициядагы жемкорлуктун чети гана, дешет эксперттер. Себеби көпчүлүк учурда тартип сакчыларынын опузасына кабылгандар эч бир органга арызданбай жабылуу аяк жабылуу бойдон калат.