Бир кылымга жакын өмүр сүргөн согуш ардагери (видео)

1483

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Кыдык Сулейманов быйыл 99га чыгат. Ардагер согуш талаасына студент кезинде аттанган. Согушту кенже лейтенант наамында баштап, капитан болуп бүтүргөн жердешибиз Москваны фашисттерден коргоого катышып, Балтика жээктерине чейин жеткен. Андан соң, Сулейманов согуш аяктаганча жаш жоокерлерди күжүрмөн даярдыктан өткөрүп, фронтко жөнөтүп турган. Фашисттик Германиянын туусу кулаган соң, Кыдык Сулейманов окумуштуунун кесибин аркалап, тарых илимдеринин доктору, профессору болгон.