Бир мандаттуу округдан баргандар эмнеге нааразы? (видео)

3045

Добуштарды колго саноо уланууда жана тиешелүү процесс эртең түшкө чейин аяктап калышы мүмкүн. Бирок жарандык активисттер БШКнын бюллетендерди эсептөөнү онлайн режимде көрсөткөн тиешелүү порталы улам-улам иштебей калып жатканын соцтармактарга жазып чыгышууда.

Ал арада бир мандаттуу округдардан ат салышкан айрым талапкерлер Боршайкомго нааразылык билдирип келишти. Кандидаттар добуштарды эсептөө системасындагы мүчүлүштүк шайлоонун жыйынтыгына шек жаратып койгонун белгилешти. Ошондой эле, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу сымал көрүнүштөр боюнча да айтышты.