Бир түндө 8 унаа өрттөгөн шектүүнүн акыл-эси жайындабы? (видео)

3696

Бишкекте бир түндө бир нече унааны катары менен өрттөдү делген шектүүнүн психикалык абалы текшерилүүдө. Тиешелүү кылмышка шектелип кечээ 33 жаштагы жаран кармалган болчу. Маалыматтар боюнча бир күн мурда түндө, ар кайсы жерде токтоп турган 5 унаа биринин-артынан бири күйгөн.

Андан чыккан тилсиз жоо жанында турган дагы 3 машинаны жалмап кеткен. Унаалардын баарынын салону күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, унаалардын терезелери талкаланып, ичине тез күйүүчү зат чачылган болушу мүмкүн.