Бир видеокамера 5 миллион сомго бааланууда (видео)

850

Автокырсыктарды алдын-алуу үчүн ири суммадагы каражат талап кылынат. Алсак, Бишкекти толугу менен фото, видео камера менен камсыз кылуу үчүн 1 миллиард сом керектелет. Ош шаарына 600 миллион сом талап кылынат. Каражат жергиликтүү бийликтен бөлүнүшү керек. Азырынча, аталган долбоор Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында карала элек. План боюнча эки ири калааны видеокамералар менен камсыздоо 16 күндүн ичинде ишке ашырылышы зарыл. Жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча кабыл алынган токтомдо дал ушундай талап коюлган. Ал эми 2018-жылдын февралына чейин патрулдук автоунааларга керектүү жабдыктар орнотулушу керек. Бардык коюлган иш-чаралар өз убагында аткарылбаса, жооптуу адамдар кызматынан кол жууйт.