Бир жат жазууну «22» ката менен жазган мамлекеттик кызматкерлер

1805

Кыргызстанда «Сабаттуу бол» деп аталган жат жазуу акциясына Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген 206 адам катышкан. Алардын арасында толтура ката кетирип, 11 кызматкер «1» деген баа алган.

Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти. Жат жазууну барактай келгенде, жөнөкөй эле сөздөрдөн каталар кетирилгени байкалат. Бир эле адамдын катынан орфографиялык 16, пунктуациялык 6 ката табылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдонгон каты интернетке жарыяланып, кызуу талкууну жараткан.

Анда бир нече грамматикалык каталар кетирилген. Талкууга алынган кат орусча-кыргызча аралаш жазылган. Бул окуядан кийин эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.