Бир жылга жетпей бузулган жолдорду ким оңдош керек? (видео)

592

Акыркы 2-3 жылда Бишкекте 100 чакырымдан ашуун жол оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ал ишке чет өлкөдөн келген 5 миллиард сом өлчөмүндөгү грант жумшалган. Бирок бир жылга жетпей, бул жолдордун айрым бөлүктөрүндө кайрадан чуңкурлар пайда болууда.

Мындай көрүнүш айдоочулардын нараазычылыгын жаратты. Жаңы мыйзамга ылайык, эми ишке кирбей жатып талкаланган жолдорду кайра оңдоп чыгуу милдети жумушту аткарган курулуш компаниясына жүктөлөт.