Бирдиктүү депозиттик эсепке 7,5 млн. сом өлчөмүндөгү акча которулду

1305

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 7 миллион 572 миң сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата Финансы полициясы Бирдиктүү эсепке которгон акча каражаттарынын жалпы суммасы 763 миллион 324 миң сомго жетти.

Белгилей кетсек, былтыр 8-февралында президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, жыйынтыгында cот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу чечим кабыл алынган. Июнь айында экономикалык жана кызматтык кылмыштардан улам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акчаны эсепке алуу жана топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.