Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу бүгүн аяктайт

682

Бул Бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтүнүн акыркы күнү дем алыш күнгө туш келгенине байланыштуу жылдырылды. Мүлкү жана кирешеси тууралуу декларациясын тапшыра элек жарандар 1-апрелде саат 9дан баштап түн ортосуна чейин, тагыраак айтканда саат 24:00гө чейин тапшыра алышат.

Мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков маалымдагандай, Бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке адамдар, ошондой эле дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Убагында тапшырылбаган декларация үчүн 1000 сом айып пул төлөнөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.