Биринчи май райондук сотун башка жакка көчүрүү талабы коюлду

717

Сот жана прокуратура органдарына бала-бакчалардын имараттарын берүү качан токтотулат? Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Анда Бишкек шаарынын чок ортосундагы бала бакчанын имаратында жайгашкан Биринчи май райондук сотун башка жакка көчүрүү талабы коюлду.

Депутат Зиядин Жамалдиновдун айтымында, ага бул маселе менен бир топ шаардыктар кайрылган. Эл өкүлүнүн айтымында, бул сотто ар кандай карама-каршылыктарды, талаш-тартыштарды жараткан маселелер каралгандыктан, имараттын тегерек-четине адамдар көп топтолот.

Мындан улам, жергиликтүүлөр болсо, балдарынын коопсуздугунан чоочулап жатышыптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.