Биринчи топтогу майып турак-жайынан ажырап, көчөдө калды (видео)

933

Соттун чечимине ылайык, Бишкек шаарынын тургуну Асипа Мусаева үйүнөн чыгарылды. Жалгыз бой аял 2008-жылы батирин сатып берүү үчүн тааныш адамына ишеним кат жазып берген. Бирок ал бир бөлмөлүү батирди күрөөгө койгон бойдон из жашырган. Ошондон бери Асипа Мусаева ортомчу менен соттошуп жүрүп, утулуп калган.

Быйыл гана ортомчунун ишинде кылмыштын курамы бар деп кылмыш иш козголгон. Буга карабастан Октябрь райондук сотунун аткаруучулары биринчи топтогу майыпты үйүнөн чыгарып, батирди сатып алган тарапка бошотуп берди.