Биринчи вице-примьер Аскарбек Шадиев УКМКда сурак берди

884

Биринчи вице-примьер Аскарбек Шадиев Улуттук коопсуздук комитетинде сурак берди. УКМК кабарлагандай, өкмөт мүчөсү буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында чакырылган.

Эске салсак, быйыл февраль айында КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка деп Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы белгилүү болгон. Ал каражатты парламенттеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда эле колуна алганы белгилүү болгон.

Анда ал Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги төрага Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурган. Акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырган деп шектелүүдө.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан «ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу» жана «документтерди жасалмалоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына камалган.