Бишкек архитектурасынын эки кызматкери пара алуу боюнча шектелип кармалды

935

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү Мамлекеттик кызматы билдиргендей, азырынча аты-жөнү ачыкталбаган жаран арыз менен кайрылып, анда ал Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгынын кызматкерлерине керектүү архитектуралык-техникалык чечим алуу үчүн кайрылып, бирок алар 2 миң АКШ долларын талап кылып жатканын билдирген.

Атайын оперативдик ыкчам аракеттер көрүлүп, Бишкек шаарынын Архитектура башкы башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1500 доллар акча алып жаткан жеринен, ушул эле башкармалыкта башкы адис болуп иштеген дагы бир адам 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалышкан.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факт боюнча «пара талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.