Бишкек баатыр болгону далилденди (видео)

3978

Бишкек баатырдын ысымы кылымдан кылымга үзүлбөй угулган аңыз гана болбостон, мамлекетибиздин саясий борборунун аталышына да айланды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров борбор калаа ысымын алып жүргөн Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Иш-чарага коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Тарыхчылардын айтымында, Бишкек баатырды изилдөө үчүн бир топ аракеттер көрүлүп, ал 3 этап менен жүргөн. Анын жүрүшүндө Бишкек баба дыйкан, журт баштаган баатыр болгону аныкталган.